Джош Макдауэлл Эд Стюарт ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮНҮ ИЗДӨӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду; Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган; Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз. ЛЮКТУН ОКУЯСЫ Люк дөӊдүн чокусуна эртерээк жетүүнү каалап жатты, бирок планетарийге алып бара жаткан жол ийри-буйру болгондуктан, ал ылдамдыкты бир аз азайтты, анткени анын жанында курбусу Трейси түнкү шаардын кооздугуна суктанып жаткан эле. Ал Трейсинин сейилдөөдөн ырахат алуусун каалады, анткени эгерде ага жакшы болсо, алардын жолугушуусу ал үчүн да жагымдуу болмок. «Трейси, бул жакты карасаӊ!» — деди Люк сол тараптагы түнкү шаардын жарыктарын көрсөтүп. Ал күткөндөй, Трейси ага жакын ийилип, коопсуздукту сактоо куру жеткен жерге чейин, ага жакын жылып алды. Анын денесинин жана чачынын таттуу жыты ушунчалык сонун эле. Ал сол колу менен Люктун мойнуна тийди, ал эми оӊ колун анын белине жумшак койду. Люк ушунчалык толкунданып кеткендиктен, денесинен муздак калтырак зырп этти. Ал рулду башкарып бара жатканын унутуп кое жаздады. Өзүн бекем кармап, ал рулду башкарууга жана жолду кароого өзүн эптеп бурду. Ал ушул сонун кечти бузуп кое ала турган аварияга түшүп калууну эч каалаган эмес. — Оо, бул кандай сонун, Люк! Карасаӊ, тээтигинде станциядан чыккан поезд бара жатканын көрүп жатасыӊбы? — деди Трейси. Ал Люктун кулагына жылуу дем менен сүйлөгөндө, үнү жагымдуу ырдай угулду. Люк толкундана баштагандыктан, денесин кайрадан муздак калтырак басканын сезди. — Ооба, сонун, — деди ал, терезени бир карап. Бирок ал эч кандай поездди деле көргөн жок. — Ушундай сонун кечте мени ушул жерге алып келгениӊ жакшы болбодубу, сен кандай азаматсыӊ! — деди Трейси. Ал Люктун бетинен бир өптү да, кайрадан артка жылып алды. Люк жүрөгү катуу сого баштаганын сезди. Трейси анда эӊ эле күчтүү сезимдерди ойготчу. Анын сырткы келбети, анын жыты жана өзгөчө — анын кол тийгизгени… Люктун башын айландырчу. Жана ал да Люкка карата ушундай сезимдерди сезеринен эч шектенчү эмес. Бул кечте Люк бир топ акчасын коротту. Трейси романтикалык жолугушууларды жакшы көрчү, ошондуктан алар кымбат француз ресторанында, шамдын жарыгында тамактанышты. Анан дагы Трейсиге жагымдуу көрүнүш үчүн, Люк көйнөк менен галстук да сатып алган эле. Ошондой эле планетарийде өткөн көргөзмөгө да бир топ суммадагы акча төлөдү. Толук жумушчу күн менен иштебеген жогорку класстын окуучусу үчүн бул өтө эле чоӊ чыгым болчу… Бирок Трейсини алып кетүү үчүн келгенде, Люк бул чыгымдар өзүн актай турганын билди. Анткени денесинин сымбаттуулугун көрсөтүп турган көйнөк кийген кыз жөнөкөй окуучу кыз эмей эле, киножылдызына окшош эле. Ушул кызга кетирген чыгымдарын жабуу үчүн жана бош калган капчыгын кайрадан толтуруу үчүн, ал кийинки жуманын ичинде ашыгы менен иштегенге даяр болду! — Обсерваториядагы планетарий көргөзмөсү жөнүндө мага кененирээк айтып берчи, — деп назик үн менен суранды Трейси. Ал колу менен анын тизесин сылап жатты. — Мен бул жерде бир жылдай жашаганым менен, эч качан ал жерге барбаганыма ишене албай турам! — Планетарий театрынын ичинде купол формасында чоӊ шып бар, — деп Люк түшүндүрө баштады. Ал тизесинде турган Трейсинин колуна көӊүл бурбаганга аракет жасап жатты. — Анан качан жарык өчкөндө, атайын прожектордун жардамы менен шыптын бетинде майда жарыктар көрүнө баштайт, алар асмандагы жылдыздарга окшош — так эле чыныгы түнкү асмандай! Андан соӊ лектор жылдыздардын жыйындысын, астероиддер жана метеориттерди көрсөтөт. Бул абдан укмуш! — Астрономияны абдан жакшы көрөм. Муну эртерээк көргүм келет! — деп жагымдуу күлдү Трейси. — Жылдыздар — бул кандай сонун романтика! Люк билинер-билинбес жылмайды, эгерде Трейси өзүн «романтикалуу» сезсе, анда ал ушул убакытты эӊ сонун өткөрөт! Дөӊдүн чокусунда бир аз салкын болчу, ошондуктан алар унаа токтоочу жайдан планетарий театрына бара жатканда, Люк Трейсини белинен кучактап, өзүнө бекем кысып алды. Көргөзмөгө келген адамдардын саны эки жүздөн ашуун эле, бирок Люк көргөзмөдөн ырахат алып жаткан Трейсини гана көрүп турду. Ал Трейсинин жумшак колун кармап тургандан жана анын жанында тургандан ырахат алып жатты. Бир маалда ал абайлап Трейсиге жакындады да, анын эрдинен өөп алды. Бул Трейсиге да жакканын сезди. Көргөзмө бүткөндөн кийин алар сыртка чыгышты да, түнкү шаардын жанып турган жарыгына суктануу үчүн отургучка отурушту. Люк Трейсинин ийинине өзүнүн пиджагын жаап, аны кучактады. Алар жылынуу үчүн бири бирине ыкталып отурушту. Люк өзүнүн ичиндеги оттуу каалоо улам өсө баштаганын сезди. Трейси таптакыр каршылык көрсөтпөгөндүктөн, анын толкундануусу күчөп баратты: алар өбүшүү кумарына батып бара жатышты. Ал мүмкүн болушунча Трейсиге жакын болууну каалап жатты, Трейси да ушуну каалаган сыяктуу эле. Алар унаага келген кезде, бири-бирин кучактап өбүшүүсүн улантышты, эми Люк үчүн өзүн башкаруу өтө кыйын боло баштады. Ал машаякчы эле, ошондуктан никеге чейинки тазалык канчалык маанилүү экендигин жакшы түшүнчү. Үч жыл мурда, жаштар лагерине барган кезде, ал никеге чейин өзүн таза сактайм деп Кудайга убада берген болчу жана окуу жылынын ичинде убадасын бекем кармап жүргөн. Бул анчалык деле кыйын болгон эмес… бирок эки ай мурда ал Трейси Локхарт менен таанышты. Мурда ал бир да кызга ушундай сезимдерди сезип көргөн эмес. Бул чыныгы чаӊкоо сыяктуу болуп, күн өткөн сайын анын чаӊкоосу улам күчөп баратты. Люк өзүнүн кумарына берилип, Трейсинин бетин өпкүлөп, анын денесин кармалап, сылап жатты. Буга чейин ал эч качан мындай кылган эмес эле. Трейси да Люктун сүйүү көрсөткөнүнө даяр болуп, анын мындай көӊүл буруусунан ырахат алып жаткандай эле. Бир маалда Люк эптеп жатып өзүн токтотту, ал Кудайга берген убадасын бузуп алууну каалаган жок. — Биз үйгө кайтышыбыз керек, — деди ал, Трейсиден алыстап. — Ооба, чын эле, — деди Трейси да, өзүн бир аз оӊтойсуз сезип. Алар унчукпастан артка кайтышты. Люк кумардуу каалоосун башкара албай калганы үчүн, өзүн ыӊгайсыз сезип жатты. Бирок эмне үчүн ал ушундай сезимди мурда башка бир да кызга сезген эмес эле? Эмне үчүн бир гана Трейси менен ал жыныстык жакындашууну каалайт? Ал унаасын шаарды көздөй айдап бара жатканда, анын башында биринчи жолу: «Эгерде мен Трейсиге ушундай сезимдерди сезип жатсам, анда мен аны чындап эле сүйүп калган окшойм!» деген ой келди. ТРЕЙСИНИН ОКУЯСЫ «Теӊир, мен абийирим менен келишим түзүп алганым үчүн кечирчи!» — деди Трейси ичинен сыйынып. Люк аны үйүнө жеткирип бара жаткан эле. Ал өзүнүн кылган нерсеси үчүн уялып жана өкүнүп жатты, себеби никеге чейинки тазалыкты сактайм деп Кудайга берген убадасын бузуп ала жаздады. Трейси Люк менен да, башка бирөө менен да, чектен чыгып кетүүнү каалаган эмес болчу. Бирок ушул кечте ал өзүнүн сезимдерине алдырып койгондугун билип турду. Романтикалык кечки тамак, шамдар, жылдыздар, Люктун ал үчүн бардыгын жасаганга даяр болгондугу — мунун бардыгы ушунчалык сонун эле. Ал ушунчалык мээримдүү, боорукер жана ал үчүн кам көргөндүктөн, ага жагуу үчүн Трейси бардыгына барууга даяр эле. Бирок эмнегедир, бир маалда Люк токтоп калды. Бир жагынан Трейси жеӊилдей түшкөндөй болду, бирок башка жагынан — ал бир аз өкүнүп жатты. Ал бир нерсени туура эмес кылгандай болуп, Люк күтүүсүздөн жана шар токтоп калган эле. «Балким, ал мен жакындашууну өтө эле каалап жатканымдан улам токтогондур? Же тескерисинче, мен жетишээрлик каалаган жокмунбу? А балким, мен бир нерсени туура эмес кылып алдымбы, жана аны өзүмдөн түртүп алдымбы? Же болбосо мен анын мурунку кыздарына “жетпей” жатканым үчүн өкүнүп, ошондуктан токтоп калгандыр?» Ушул суроолор алар артка кайтып бара жаткан жолдо, Трейсинин тынчын алып жатты. Бул кеч Люк экөөнүн акыркы кечи болбостур деп Трейси үмүттөнүп жатты — анткени ушундай сонун жигитти жоготууну каалаган эмес. Трейси алардын биринчи жолугушуусун эстеди: бул дем алыш күндөрү эле, ошол күнү Люк барган жыйындын жаштары лыжа тебүү үчүн тоого барып келүүгө камынып жатышкан эле. Трейсинин мектепте чогуу окуган курбусу Полли да алардын жыйынына барчу, ошондуктан анын чакыруусуна Трейси макул болгон. Алар жолуга турган жерге келген кезде, ал Люкту дароо байкаган болчу. Ал жаштар тобунун жетекчиси болгондуктан, ошол маалда ал жаӊы келгендерди тосуп алып, аларды автобустагы орундуктарга жайгаштырып жаткан эле. Люк ага эле эмес, келгендердин бардыгына сыпаалык менен көӊүл буруп, кызыктуу эс алууну көӊүлдүү баштоого болгон аракетин жасап жаткан. Люк ал отурган автобуста чогуу барарын билгенде жана ал андан анча алыс эмес орундукка отурганда, Трейси ичинен сүйүнүп жатты. Тоого жеткенче үч сааттык убакыт керек эле, ушул убакыттын ичинде Трейси Полли жана анын курбулары менен сүйлөшүп отурушту, бирок улам Люк жана анын достору отурган жакты карап жатты, алардын сүйлөшүүсү Трейсиге абдан кызыктуудай жана шаӊдуудай сезилип жаткан эле. Трейси Люктун курч акылына, анын улууларга сыйлоо менен мамиле жасаганына жана ар бир адамга убакытты көӊүлдүү өткөрүшү үчүн жардам берүүгө даяр болгондугуна суктана албай койгон жок. Люк бул саякаттын коопсуздугу үчүн жана бардыгына баталуу болушу үчүн, үнүн бийик чыгарып сыйынды. Ошондо Трейси Люк — жакшы машаякчы экенин түшүнүп, аны дагы жакшыраак билүүнү каалады. Мындай мүмкүнчүлүктөр көп болду жана Люк да Трейсини байкап, ага көӊүл бура баштаганын сезип калды. Ишемби күнү эрте мененки тамак учурунда ал досу Кертис менен чогуу Трейси менен Полли отурган столго отурушту. Кертис Полли менен сүйлөшүп жаткан кезде, Люк Трейсиге суроолорду жаадыра баштады. Алардын жыйыны жөнүндө жана тоого бара тургандыгы жөнүндө кайдан билди? Ал кайсы жыйынга барат? Ал Ыйса Машаякка качан ишенип калган? Лыжаны көптөп бери тебеби? Мектептен кийин эмне кылайын деп жатат? Өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө мактанып, ага жагынуунун ордуна, Люк Трейсинин руханий жашоосу жөнүндөгү кызыгуусун арттырды. Ал ушунчалык сылык жана тартиптүү эле. Трейси өмүрүндө биринчи жолу чыныгы джентельмен деп атоого боло турган он сегиз жаштагы жигит менен таанышты. Алардын маегин узагыраак созуш үчүн, ал тамагын шашпай жегенге аракет кылып жатты. Алар лыжа тээп жаткан мезгилде да, Трейси бир нече жолу Люк менен кагылышып кетишти. Люк лыжаны абдан жакшы тепчү, бирок Трейси андай эмес эле, ошондуктан Люк ага бир нече жакшы кеӊештерди ушунчалык сыпаалык менен бергенде, ал өзүнүн билбестиги жана тажырыйбасы жоктугу үчүн өзүн ыӊгайсыз сезген жок. Трейси кулап калса, Люк ошол замат анын жанына келип, тургузуп, эч жерин оорутуп албаганы жөнүндө тынчсызданып жатты. Андан кийин алар лыжа базасындагы кичинекей үйгө келип, Трейси мештин жанында буттарын жылытып, байпактарын кургатып жатканда, ал ага ысык шоколад алып келип берди. Анын буттары эч нерсени сезбей, манжаларында жансыздык кайрадан пайда болсо да, ал Люкка эч нерсе деген жок. Ошентип алар бир сааттан ашуун сүйлөшүп отурушту. Люк болсо ушул убакытты лыжа тээп өткөрсө деле болмок, бирок ал анын жанында отурду. Трейси аны менен суктанып жатты: ал ушунчалык боорукер, ушунчалык сылык жана ыкластуу эле! Люк менен сүйлөшүүнү каалаган кыздардын арасынан, ал ага көӊүл бургандыгына ишене албай турду. Үйгө кайтууга даярдана баштаган күнү, Трейси Люк анын жанына отурарына үмүттөнүп, өзүнүн жанындагы орундукту бош кармап турду. Сыйынып жана жарыяларын айтып бүткөн соӊ, Люк чындап эле анын жанына келип отурганда, Трейсинин кубанычы ичине батпай калды. Үч саат бою, автобустагылардын бардыгы уктап жатканда, алар сүйлөшүп бара жатышты: алар кантип Ыйса Машаякка келип калышканы, кыялдары, жактырган тамагы, музыка, кино… жөнүндө сүйлөшүштү. Алардын ортосунда ушунчалык көп окшоштуктар бар экенине Трейси ишене алган жок! Алардын автобусу жыйындын алдына токтогонго чейин, Люк Трейсини кийинки дем алыш күндөрү жолгушууга чакырууга жетишти, анан ал дароо макул болду. Алардын жолугушуусуна эч нерсе тоскооло боло албай тургандай кылып, Трейси өзүнүн күн тартибин өзгөртүүнү чечти. Ушул саякаттын артынан өткөн эки ай Трейси үчүн жомоктогудай болду. Люк ага кичинекей ханышага мамиле жасагандай мамиле жасачу. Биринчи жолукканда алар көлдүн жээгинде тамактанышып, музыка угушту, мунун бардыгын Люк алдын-ала даярдап койгон эле. Ал аны киного чакырды, бирок бул кино атышуу жана жарылган унаалар жөнүндө эмес, так эле Трейсиге жаккан сүйүү жөнүндөгү кино эле; алар чогуу театрга барышты, шаар аралап жана анын сыртына барып сейилдешти; чогуу ырдап, күлүп, чогуу сыйынып жүрүштү. Алар үчүнчү жолу жолугушканда Люк Трейсини биринчи жолу өптү, ошол түнү Трейси Люктун сүйлөшкөн кызы болуу канчалык сонун экендигин ойлонуп, көпкө чейин уктай алган жок. Люк чыныгы джентельмен гана болбостон, ал чыныгы жомоктогудай канзаада да болчу. Ал ага гүлдесте тартуулап, открыткаларды жөнөтүп, тез-тез телефон чалып, ага түрдүү жолдор менен көӊүл буруп турчу. Алар көп кучакташып өбүшүшчү жана чогуу болгондо дайыма кол кармашып жүрүшчү. Бирок Люк алардын ортосундагы денелик жакындашууга көп деле маани бере берчү эмес. Ушул кечке чейин эч качан… Люк Трейсинин үйүнүн жанына келип токтоду, анан ал унаасын айланып барып, Трейси унаадан чыгуусу үчүн адаттагыдай эле эшикти ачып берди. Алар түнкү салкында бири-бирин карап турушту. — Трейси… Мен… Мени кечирип кой… Суранам, кечир, — деди Люк кекечтене. — Мага… жөн гана… сени менен болуу абдан жагат. — Анын үнү акырындык менен жайлай бергенде, Трейси ага сүйлөө кыйын болуп жатканын сезди. — Бардыгы жайында, Люк, — деди ал шаӊдуу үн менен. — Сен ушунчалык сонунсуӊ, мен билем: сен жаман эч нерсе кылгыӊ келген эмес. Экөөбүз өз убагында токтоп калганыбыз жакшы болду. Сага рахмат. Бир аз унчукпай турган соӊ, ал Трейсиден: — Сага эртеӊ телефон чалсам болобу? — деп сурады. Трейси ага жооп катары жылмайды да: — Мен муну абдан каалайм, — деди. Люк аны бетинен өптү, анан ал үйүнө кирди. Ал терезеден анын унаасы кетип калганга чейин карап турду. «Бүгүн да ал өзүн чыныгы джентельмендей кармады, — деди кыялдана Трейси, — сезимдерине берилип кеткени үчүн кечирим сурады жана мага телефон чалуу үчүн уруксат сурады. Мен аны кечирдим, эми ал мага эртеӊ телефон чалгыча күтө албайм го. Биздин ортобузда бир өзгөчө мамиле бар. Бул — чыныгы сүйүү окшойт». Ой жүгүртүү убактысы Люк менен Трейсинин жолугуп жүрүшкөнүнө эки эле ай болду, бирок «сүйүү» деген сөз экөөнүн бирдей баштарына келди. Алар сүйүү жөнүндө ойлоп жаткандыгы таӊ калыштуу деле эмес, себеби биз сүйүүгө болгон турпаты менен байланып калган маданиятта жашайбыз. Сүйүү — бул көптөгөн ырлардын, кинолордун, китептердин жана телепрограммалардын негизги темасы болуп калган. Көӊүл ачуу дүйнөсүнүн кайсы гана тармагын карабайлы, кимдир бирөөлөр сүйүп жатышат же капысынан сүйбөй калышат, жыныстык катнашка барышат, сүйүүдөн азап тартышат жана ушул эле сүйүүдөн өлүшөт. Азыркы дүйнөдө сүйүүсүз жашоо — бул чыныгы тозок. Кимдир бирөөнү сүйүү жана сени бирөө сүйүп калышы — азыркы адамдарда көнүмүш адатка айланып калгандыктан, муну жүрөктүн согушу жана дем алуу процессине салыштырууга болот. Ар бир адам күчтүү жана тереӊ, түбөлүккө созула турган чыныгы сүйүүнү каалайт. Бирок анткен менен, согуштардын жана оорулардын баарын алып караганда, чыныгы сүйүүнү издөөдөн адамдар көбүрөөк кайгы менен азаптарды тартышат. Сүйүү деген эмне жана аны тапканыбызды кантип билсек болот? Ушундай сүйүүнү сезе билүү үчүн, көптөгөн адамдар (мисалы, Люк менен Трейсиге окшош) бул дүйнөдө баарын берүүгө даяр. Адамдар айткандай, сүйүү бул дүйнөнү башкарат. Бирок ушул сүйүүнү каалап, аны издеп жаткан жаштардын көбү, сүйүүгө караганда жан дүйнөсүнүн жараат алуусун жана көӊүл калууну табышат, себеби алар эмнени издеп жатышканын өздөрү да билишпейт. Алар өздөрүнүн сезимдери менен эмоцияларын сүйүү деп кабыл алышат жана алардын мындай мамилеси таӊ калыштуу эмес, анткени алар сүйүү эмне экендигин түшүнүшпөйт. Балким, Люк менен Трейсинин окуясынан сиз өзүӊүздү көргөн чыгарсыз. Балким, кандайдыр бир адам сиз үчүн өзгөчө кымбат болуп, сиздин башыӊызда (же тилиӊизде) «сүйүү» деген сөз жаӊыргандыр. Сиз чындап эле сүйүп калдыӊызбы? Бул суроого өзүӊүз жооп бере аласызбы? А балким, сиз керектүү адамды жашооӊузда жолуктура элексиз, бирок ошол мезгил келгенге чейин сиз даяр болууну каалап, чыныгы сүйүүнү жолуктурганда, аны дароо таануу үчүн, ал эмне экендигин билгиӊиз келип жаткандыр? Чыныгы сүйүү эмне экендигин билүүгө карата жасалган кадамдардын биринчиси — бул ал эмне эмес экендигин аныктап алышыбыз болуп саналат. Чыныгы сүйүү — бул дененин кумардуу каалоосу эмес. Азыркы коомчулукта бул эки нерсе аралашып калган. Чындыгында, сүйүү жөнүндөгү кинолор, ырлар жана романдар сүйүү жөнүндө эмес эле, денелик кумардануу жөнүндө. Бул экөөнүн айырмасы кандай? Сүйүү берет, ал эми дененин кумардануусу алат. Сүйүү шеригин баалайт, ал эми денелик кумардануу аны колдонот. Сүйүү уланат жана көбөйөт, ал эми денелик кумардануу азаят. Балким, Люк ушу эки нерсени алмаштырып алгандыр. Ага Трейсинин жанында болуу жагат, себеби ал мындан ырахат алат жана ал анын денесин дүүлүктүрүп, толкундануу сезимин ойготот. Ал андан денелик жакындоо менен жыныстык катнашка барууну кандайдыр бир денгээлде күткөндүктөн, ага көӊүл буруп, ага жагынууга аракет жасады. Ал эми анын денелик кумардануусу, алардын никеге чейинки тазалыгын бузуу коркунучунун кырына алып келди. Албетте, дененин сулуулугу, чыныгы сүйүүнүн жалынын тутанткан чоктун учкуну экендиги шексиз. Кудай биздин денебизди жыныстык жакындашууга жөндөмдүү жана ушундай каалоолору бар кылып жараткан. Бирок эгерде сиздин карама-каршы жыныстагы адам менен болгон мамилеӊиз, анын сырткы сулуулугуна жана денелик ырахаттанууга негизделип жатса, анда силердин мамилеӊерде денелик кумар чыныгы сүйүүнүн ордун ээлеп алган. Сүйүү — бул романтика эмес. Люк менен Трейси чогуу болгондо, алар сүйүүнүн обон ыргактарын угуп жаткандай болушкан. Алар өбүшүп жатканда, ар биринин ичинде эмоционалдык жардырууга окшогон сезимдер толуп жатты. Люктун Трейсиге жасаган романтикалык мамилеси, ага өзүнүн сүйүүсүн жана жактырганын билдирген назик сөздөрү үчүн, Трейси өзүн ханышадай сезип жатты. Ал аны сүйүүгө толгон, назик көздөрү менен карап жатканда, Люк да, өз кезегинде, өзүн алда канча жогору сезе баштаган. Шамдын жарыгында кечки тамактануу, жеӊил музыка, жылдыздарга толгон түнкү асман — мунун бардыгы алардын ичинде (өзгөчө Трейсинин ичинде) романтикалык сезимдерди ойготту. Эркек менен аялдын ортосундагы мамиледе романтикалык сезимдер болгону бул табигый көрүнүш: Кудай бизди биз карама-каршы жыныстагы адам менен мамилелешкенде ушул сезимдерди сезе тургандай кылып жараткан. Балким, сиз да сизге жаккан адам менен жолугушканда, ичиӊизден кандайдыр бир жылуулукту жана эмоциялардын фейерверкин сезген чыгарсыз. Бирок бул романтикалык толкундарды сүйүүгө теӊөөгө болбойт. Романтика — бул сезимдер, ал эми чыныгы сүйүү — бул андан да чоӊ нерсе. Сүйүү — бул жактырып же кызыгып калуу эмес. Жактырып калуу — бул сиздин көӊүлүӊүздү өзүнө бурган карама каршы жыныстагы адамга өзгөчө кызыгуу арттыруу. Сиз күндүзү ошол адам жөнүндө ойлоп жана түнкүсүн ал жөнүндө кыялга бата баштаганыӊызды капысынан билесиз. Сиз ал менен жолугуу же сүйлөшүү үчүн, өзүӊүздүн убактыӊызды пландаштыра баштайсыз. Сиз ал жөнүндө гана ойлой бергендиктен, башка эч нерсеге көӊүл бура албай каласыз. Мындай жактыруунун дагы башкача аталышы «күчүк сүйүү» деп аталат. Күчүк үчүн мындай сүйүү чыныгы сүйүү чыгар, бирок эгерде сиз мындай сезимден башкасын сезбей жатсаӊыз, анда эртеби же кечпи бул «күчүк сүйүү» иттин жашоосу менен аяктайт. Адамдар «сүйүп калуу» же «бир көргөндө эле сүйүү» деп айтканда, алар жактырып же кызыгып калганын билдирет. Ушул жактырып калуу Трейсини Люк жөнүндө толкунданып ойлоого, ал эми Люктун башы Трейси үчүн айлануусуна алып келген. Балким, сиз да ушуга окшогон сезимдерди сезген чыгарсыз. Жактырып калуунун жаман жери жок, бирок аны сүйүү менен алмаштырбоо керек. Жактырып калуу өзү жөнүндө ойлойт, ал эми сүйүү — башканы ойлойт. Чыныгы сүйүү — бул секс эмес. Көптөгөн өспүрүмдөр (жана чоӊ адамдар да) сексуалдык жакындыкты каалоону сүйүү менен алмаштырып алышат. Люкта да ушундай болгон. Трейсиге тартылуусу анын никеге чейинки тазалыкты сактайм деген Кудайга берген убадасын бузуп кое жаздады. Анын Трейси менен жыныстык катнашты каалоосу: «бул сезимдер чыныгы сүйүүнүн белгиси эмеспи?» деген ойлорго түрттү. Сизге да ушуга окшош нерселер тааныш чыгар. Чынын айтсак, секстин өзүндө жаман нерсе жок. Кудай аны адамдын ичиндеги тереӊ муктаждыктарын никеде толтуруу үчүн жана тукум улоо үчүн жараткан. Бирок секс менен сүйүү бири-биринен айырмаланып турат. Жыныстык катнашка сүйүүсүз деле барса болот, ошондой эле жыныстык катнашсыз деле сүйсө болот. Сүйүү — бул процесс, ал эми секс — бул бир эле жолку иш. Сүйүүгө ээ болуу — эмгекти талап кылат, ал эми секстин табияты сезимдер менен жетеленет. Сүйүү — ар дайым көӊүл бурууну талап кылат, ал эми секс үчүн эч кандай аракет кылуунун деле кереги жок. Сүйүү өсөт жана убактысы келгенде эр жетет, ал эми секс үчүн убакыт талап кылынбайт. Сүйүү үчүн эмоционалдык жана руханий байланыш керек, ал эми секс үчүн — бир гана денелик байланыш керек. Сүйүү эки адамдын мамилесин бекемдейт, ал эми сүйүүсү жок секс — аны талкалайт. «Эгерде сүйүү — бул денелик кумардан, романтикадан же секстен да жогору нерсе болсо, анда мен чын эле сүйүп калганымды кантип биле алам?» деп сурашыӊыз мүмкүн. Бул олуттуу суроо, өзгөчө, сиз кимдир бирөөнү жактырып, аны менен дайыма жолугушуп жүргөн болсоӊуз. Бул суроого жооп берүү үчүн, чыныгы сүйүү эмне эмес экендигин эле билип алуу жетишсиз. Бул чынында эле эмне экендигин сиз жакшы түшүнүп алышыӊыз керек. Көптөр сүйүүнү денелик кумар, романтика жана секс менен алмаштырып алган сыяктуу эле, көп адамдар сүйүүнү көрсөтүүнүн түрлөрүн да билишпейт. Адамдардын ортосундагы мамиледе сүйүүнү көрсөтүүнүн (же, адатта, сүйүү деп аталган нерсенин) үч түрү бар деп айтсак болот. «Сүйөм, эгерде…».Чектелген сүйүү. Кандайдыр бир шарттар аткарылганда гана биз сүйүүнү көрсөтөбүз же аны кабыл алабыз. Бул сүйүүгө ээ болуунун жалгыз гана жолу — биз бир нерсе жасашыбыз керек. Кээ бир ата-энелер балдарын так ушундай сүйүү менен сүйүшөт: балдары өздөрүн тартиптүү алып жүрүшсө, мектепте жакшы бааларды алышса же ушу сыяктуу нерселер үчүн гана, ата-энеси аларды сүйөт. Никеде турган аялы менен күйөөсүнүн ортосунда, же жолугушуп жүргөн эки жаштын ортосунда ушундай шарттуу сүйүү болсо, анда эки тараптын бирөөсү коюлган шартты аткарбай калган кезде сүйүү жоголуп кетет. Шарттуу сүйүү табияты боюнча өзүмчүл келет. Ал сүйгөн адамынан өзүнө керектүү нерсени алганда гана өзүн сунуштайт. Көптөгөн кыздар: «Эгерде сен менин сексуалдык каалоолорумду аткарсаӊ, анда сени сүйөм», же болбосо: «Сен мени менен жок дегенде бир жолу төшөккө жатсаӊ, анда мен сени дайыма сүйөм» деген сөздөрдү гана угушат жана мындай сүйүүдөн башка сүйүүнү көргөн эмес. Жолугушуп жүргөн жаштар сөзсүз төшөктө чогуу жатышат деген пикир (туура эмес пикир) адамдардын арасында ушунчалык жайылып кеткендиктен: «Бардыгы ушуну кылып жатышпайбы. Эгерде сен мени сүйсөӊ, анда сен буга макул болосуӊ», — деп бирин-бири басмырлашат. Жана чыныгы сүйүүгө жетем деген кыздар, өздөрүнүн жигиттеринин сексуалдык талаптарына макул болушат, бирок бул чыныгы сүйүүнүн жарыбаган имитациясы гана экендигин билишпейт, ошондуктан мындай сүйүү аларга эч качан ырахат алып келбейт жана ал үчүн төлөгөн акы өзүн эч качан актабайт. «Сүйөм, эгерде…» дайыма кандайдыр бир шарттарга байланган. Ушул шарттар аткарылып жатканда баары жакшы. Бирок качан бир эле шарт аткарылбай калса, анда сүйүү да токтойт. Көптөгөн никелер да сүйүүнүн ушул түрүнүн үстүнө негизделгендиктен, үй-бүлөлөр талкаланууда. Аялы же күйөөсү, же экөө бирдей, коюлган шарттарды аткара албай калган кезде «сүйүү» көӊүл калууга жана жек көрүүгө айланат. Люктун Трейсиге карата сүйүүсү да, негизинен, шарттуу сүйүү болгон. Ал Трейси менен өзүн жакшы сезгенде, Трейси ага жаккандай кийингенде, аны өзүнө жакындатып, ырахаттануусуна макул болгондо гана, ага аны менен болуу жагат. Эгерде Трейси ага: «Бүттү, биз мындан ары өбүшпөйбүз да, кол кармашпайбыз жана ошондой эле, унаанын ичинде да кучакташпайбыз!» — деп айтса, Люктун сүйүүсү кандай болот эле? Ал Трейси менен убакыт өткөрүүнү каалайт беле, анын көӊүлүн ачыш үчүн өзүнүн кыйналып иштеп тапкан акчасын коротот беле? Шарттуу сүйүү — бул чыныгы сүйүү эмес. Эгерде сиз кимдир бирөөнүн сүйүүсүнө ээ болуу үчүн, кандайдыр бир белгилүү шарттарды аткарышыӊыз керек болсо, анда силердин ортоӊордогу сүйүүнү чыныгы сүйүү деп атоого болбойт. «Сүйөм, анткени…». Бул сүйүүнүн экинчи түрү, «сүйөм, анткени…» — бул «сүйөм, эгерденин» жакын тууганы. Адамды ал ким болгонуна жараша, анын колунда эмне болгонуна жараша же ал кандай иште иштегенине жараша сүйүү. Мисалга алсак, бул мындайча: «Сен ушунчалык сулуу болгондуктан, мен сени сүйөм», же «Сен мен үчүн кам көргөндүктөн, сени сүйөм», же болбосо: «Сени менен мага көӊүлдүү, ошондуктан сени сүйөм» дешет. Трейсинин Люкка болгон сүйүүсү да так ушул мисалга окшош, анткени Люк ага өзүнүн сыпаалыгы, мээримдүүлүгү жана романтикалуулугу менен жагат. «Сүйөм, анткени…» кадимки нормалдуу нерсе катары көрүнүшү мүмкүн. Себеби ар бир адам, ал ким болгону үчүн же андагы бар болгон кандайдыр бир сапаттары үчүн, аны башкалар сүйүшүн каалайт. Албетте, мындай сүйүү көп күчтү талап кылган шарттуу сүйүүгө караганда, кыйла жакшыраак. Сизде сүйүүгө татыктуу болгон сапатыӊыз бар экендигин билүү абдан жагымдуу. Ошондой эле сүйүүгө ээ болуу үчүн ар дайым кандайдыр бир шарттарды аткарууга караганда, мындай сүйүү жакшыраактай сезилет. Бирок, эгерде Трейси Люктан да ашкан сылык, мээримдүү жана романтикалуу бирөөнү жолуктурса, анын сүйүүсү менен эмне болот эле? Эгерде Люк жаштардын жетекчиси болбой калса, анда Трейси ага кандай мамиле жасайт эле? Ага Люк так ушул сапаты менен жагып калбады беле. Же болбосо, эгерде ал Трейсинин «романтикалык» сейилдөөлөргө чыгуусун каржылай албай калса эмне болот? Эгерде Трейсинин сүйүүсү Люктун жетишкендиктерине жана анын колунда бар болгон нерсесине негизделсе, анда анын жашоосунда кандайдыр бир терс өзгөрүүлөр болор замат, сүйүү жоголуп кетет. «Сүйөм, анткени…» — бул чыныгы сүйүү эмес. Сиз кимдир бирөөнү жактырып, анын акылдуулугу, жөндөмдүүлүгү же коомдогу ордуна окшогон жекече сапаттары үчүн ага байланып калышыӊыз мүмкүн. Бирок эгерде сүйүү адамдын ким экендигинен, анын колунда эмне бар экендигинен же анын жетишкендиктеринен да чоӊураак нерсеге негизделбесе, анда мындай сүйүү көпкө созулбайт. «Сүйөм…чекит». Бул сүйүүнүн үчүнчү түрү — эч кандай шартсыз сүйүү. Ал: «Сенин жан дүйнөӊ кандай гана болбосун, мен сени сүйөм. Сенде кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, мен сени сүйөм. Сага болгон менин сүйүүмдү сен өзгөртө албайсыӊ. Мен сени сүйөм… чекит!» деп айтат. «Сүйөм…чекит» — бул эч кандай сокур сүйүү эмес. Ал сүйгөн адамы жөнүндө бардыгын биле алат (жана билиши керек). Ал адамдын кемчиликтерин, көйгөйлөрүн жана жеткилеӊ эместигин билсе да, аны кандай болсо, ошол бойдон кабыл алат. Мындай сүйүүнү иштеп таба албайсыӊ же аны жок кылууга мүмкүн эмес. Мындай сүйүү эч нерсеге байланбайт. «Сүйөм… чекит» деген сүйүү «Сүйөм, эгерде…» деген сүйүүдөн айырмаланып эч кандай талаптарды койбойт. Ал эми «сүйөм, анткени…» сүйүүсүнөн айырмаланып, ал сүйгөн адамынын кандайдыр бир жагымдуу сапаттарына негизделбейт. Дене кумары, романтика, жактырып калуу, секс — мунун бардыгын «сүйөм, эгерде…» жана «сүйөм, анктени…» башка адамдан алуу максатын көздөйт. Ал эми чыныгы сүйүү, тескерисинче, өзүндө болгонун берүүнү көздөйт. Люк менен Трейси, азырынча, бири биринен алууну гана каалап жатышат. Эгерде алар өздөрү каалап жана издеп жаткан чыныгы сүйүүнү каалашса, анда алар берүүнү да үйрөнүшү керек. ЛЮКТУН ОКУЯСЫ Люк өзүнүн бейсбол баш кийимин оӊдоду да, топ уруучунунун ордуна барып турду. Алюминийден жасалган битасын бир-эки шилтеп машыгып алган соӊ, өзүнүн шеригине: — Кел, Даг, мен даярмын! — деп кыйкырды. Даг Шоу топту урууга даяр болуп турган Люктан жыйырма чакырымдай алыстыкта турган. Ал автоматка бир аз тыйындарды салгандан кийин, бир нече секунддун ичинде анын ичинен топ ыргып чыкты да, Люкту карай учту. Люк битасын шилтеп, топту бир урду эле — топ оюн талаасынан алыс учуп кетти. — Эӊ сонун, Люк! — деп кыйкырды Даг. Даг Шоу жана анын аялы Джинни Люк барган жыйындагы жаштар кызматын уюштуруудагы ыктыярчылар эле. Люк менен Даг адатта ишемби күндөрү жыйындагы жаштар кызматчылары үчүн уюштурулган эрте мененки тамактан кийин азыр эле келишкен эле. Алар спорттун чоӊ сүйүүчүлөрү болчу, тагыраак айтканда, бейсболдун сүйүүчүлөрү эле. Ошондуктан айына жок дегенде бир же эки жолу бейсбол талаасына барып, машыгып турууга аракет жасашчу. Люк турган базага кийинки топ учуп баратты, бирок ал Люктун битасына жеӊил гана тийип өттү. Андан кийинки эки топту Люк ала албай калды. — Сен топту ургандын ордуна, аны кое берип жатасыӊ. Битаӊды түздө да, өйдөрөөк ал, — деди Даг. — Рахмат, түшүндүм, — деди Люк, анан кийинки топту ийгиликтүү урду. — Мына, эми сонун болду, азаматсыӊ! — деди Даг кол чабуулар менен. Машыгууну бүткөндөн кийин, Даг менен Люк бирден газдалган суусундук сатып алышты да, алыс эмес жерде жайгашкан столго барып отурушту. Бейсбол жөнүндө сүйлөшүп бүткөндөн кийин, Даг: «Акыркы күндөрү сен Медисон Хайда жашаган Трейси Люкхарт менен жолугушуп жүргөнүӊдү байкадым», — деди. — Ооба, биз сүйлөшүп жүрөбүз, — деди Люк колундагы «Доктор Пеппердин» бөтөлкөсүн карап, анын үнүндө эч кандай кубаныч байкалган жок. — Ал аябай жакшы кыздай көрүнөт: акылдуу, жагымдуу. Люк башын ийкеди. — Ооба, сонун кыз. Даг Люктун маанайын түшүнүп: — Сен эмнегедир капалуудайсыӊ. Мен сенин Трейси менен болгон мамилеӊди айтам? Бардыгы жайындабы? — деди. — Мен сени менен сүйлөшүшүм керек окшойт, — деди Люк тереӊ дем алып. — А эмне болду? Люк бөтөлкөсүнөн бир чоӊ жутуп алды. — Билесиӊби, биздин ортобузда эмне болуп жатканын түшүнө албай жатам. Кечээ кечинде мен сыйындым, анан Кудайдан: эгерде мен кимдир бирөө менен бул тууралуу сүйлөшүүм керек болсо, анда бүгүн менден бул жөнүндө сурасынчы деп сураган элем. Эгерде мен сага Трейси экөөбүздүн мамилебиз жөнүндө айтып берип, сенден бир нече суроолорду сурасам, каршы болбойсуӊбу? — Албетте, жок, — деп жооп берди Даг. — Мен сени дайыма угууга даярмын жана колумдан келишинче жардам берем. Люк ага Трейси экөөнүн тоого эс алууга барганда таанышканы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, ал аны менен чогуу бир автобуста болууга жана аны менен көбүрөөк сүйлөшүүгө болгон аракети жөнүндө да айтты. Жана дагы, алардын жолугушуулары жөнүндө, эки айдын ичинде алар канчалык жакын болуп калганы жөнүндө да айтып берди. Даг мыйыгынан күлүп, Люктун өжөрлүгү менен ойлоп тапкычтыгы үчүн мактап койду. Люк да ага карап жылмайды. Андан соӊ, Люк өткөн дем алыш күндөрү планетарийге барган кеч жөнүндө да, майда-чүйдөсүнө чейин токтолбостон, өзүнүн Кудайга никеге чейинки тазалыкты сактайм деп берген убадасын бузуп кое жаздаганы жөнүндө да Дагга айтып, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды. Ага мунун бардыгын айтуу кыйын болуп жаткандыктан, анын үнү улам үзүлүп, акырында ыйлап жибере жаздады. — Люк, ошол дем алыш күнү кандай сезимдерди башыӊдан өткөргөнүӊдү жана сенин тынчсызданууларыӊды түшүнөм, — деди Даг. — Мен сени дос катары аяп турам, анткени мен сени жакшы көрөм. Ошондой эле, акырында жасаган ишиӊ үчүн сени менен сыймыктанып жатам, — деди да, эркектерче аны далысынан таптап койду. — Рахмат сага, — деди Люк. — Сен мени түшүнөөрүӊдү билгем. — Демек, экөөӊөрдүн мамилеӊер кайсы стадияга жетип калды? — деп сөзүн улантты Даг. — Силер жолугушпай калдыӊарбы? — Иштин баары ушунда болуп жатпайбы, — деп жооп берди Люк. — Ал… биз бул ишке… түшүнүп жатасыӊ да… барбаганыбыз үчүн кубанып жатат. Ал мага ачууланган жок жана болгон нерсе үчүн мени айыптаган да жок. Биз ушул жуманын ичинде эки жолу телефон аркылуу сүйлөштүк, анан ал мени менен жолугушууну уланткысы келерин билем. — А сенчи, ошол кечте болгон нерседени кийин, ага карата эмнени сезип жатасыӊ? — деп сурады Даг. Люк башынын үстүндө учуп жүргөн чымынды кууп: — Мен билбейм, Даг. Мен ушул жөнүндө сенден сурайын деп жаткам. — деди. — Сурай бер. — Мен буга чейин мындай сезимдерди эч качан сезип көргөн эмес элем, — деп түшүндүрө баштады Люк. — Мен Трейси менен дайыма бирге болууну каалап жатам, анан качан биз бирге болгондо, мен аны кармалагым келет, өпкүм келет… Кыскасы, өткөн жумадагы аз жерден көйгөйгө алып келе жаздаган нерселердин бардыгын жасагым келет. Бул мен аны… сүйүп калдым дегендин белгисиби? — Чоӊ тамга менен башталган сүйүүбү, ээ? — деп жылмайды Даг. — Мен буга чейин башка кыздар менен жолугушуп жүргөн кезде, сүйүү жөнүндө эч ойлогон эмес элем, — деди Люк. — Трейси таптакыр башкача. Бул сүйүүбү же жокпу, билгим келет. — Макул, а сен өзүӊ кандай ойлойсуӊ: чыныгы сүйүү деген эмне? — деп сурады Даг. Люк ийиндерин кууштуруп: — Менимче, бул кандайдыр бир өзгөчө сезим чыгар. — Кел, башка жагынан карап көрөлү. Сенин оюӊча, сүйүү кандай көрүнөт? Люк кайрадан тажаткан чымынды кууп: — Сөз менен айтуу кыйын экен… балким, бул качан эки адам чогуу болуп, кол кармашып жүргөнү… — деди. Даг джинсысынын арткы чөнтөгүнөн кичинекей булгары тыштуу Жаӊы Келишимин алып чыкты. — Мен Джинни менен таанышкан кезде, мен колледжде окучумун, ошол кезде кимдир бирөө менден ушул суроону сураса, мен да так ушинтип жооп бермекмин, — деди ал, китепти барактап жатып. — Мен сага эки аятты окуп бергим келет, бул аяттар чыныгы сүйүү эмне экендигин түшүнүүм үчүн өз убагында мага абдан жардам берген. Бул Эфестиктерге жазылган кат, бешинчи бөлүм, жыйырма сегизинчи жана жыйырма тогузунчу аяттар. Даг керектүү бетти тапты да, окуй баштады: — «Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек». — Токто, токто, Даг, — деп анын сөзүн бөлдү Люк. — Биз азыр сүйүү жөнүндө сүйлөшүп жатабыз да, нике жөнүндө эмес. Мен күйөө эмесмин жана жакын арада болбойм дагы. Мен Трейсиге үйлөнүү жөнүндө ойлогон жокмун. Башында, мен аны сүйөмүнбү же жокпу, ошону билип алышым керек. — Дос, коркпо! — деп каткырды Даг. — Мен сени аны менен чогуу нике кыйыштырууга жетелеген жокмун. Мен жөн гана, Кудай чыныгы сүйүүнү кандай аныктайт экендигин сенин түшүнүшүӊдү каалайм. Бул аятта сүйүүнүн аныктамасы күйөөлөр менен аялдарга карата колдонулган, бирок бул мамилелешүүнүн бардык түрүндө иштей берет. Люк бир саамга ойлоно түштү да: — Мм, макул анда, ошондой болсун, — деди акырында. Даг окуганын улантты. — «Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүн сүйгөндөй сүйүшү керек: аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машаяк Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат». — А мен дайыма, машаякчылар өздөрүн эмес, башкаларды көбүрөөк сүйүшү керек деп ойлогом, — деди Люк. — Биз өзүбүздөн да, Кудайды көбүрөөк сүйүшүбүз керек, — деп түшүндүрдү Даг. — Бирок Матайдын Жакшы Кабарында, жыйырыма экинчи бөлүмүндө жазылган Машаяктын алтын эрежесине ылайык, биз жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүшүбүз керек. Жана «жакыныбыз» деген сөзгө бардыгы: ата-энебиз, бир туугандарыбыз, досторубуз, өмүрлүк жарыбыз да кирет. — А эмне, өзүн сүйүү — бул туурабы? — деп макул боло албай жатты Люк. — Менин айткым келгени, бул өзүмчүлдүк эмеспи? — Пабыл бул жерде өзүмчүлдүк жөнүндө айткан жок, — деп түшүндүрдү Даг. — Бирок биз баарыбыз өзүбүздүн кадимки күнүмдүк муктаждыктарыбыз жөнүндө кам көрөт эмеспизби: биз тамактанышыбыз керек, жакшы укташыбыз керек, унаада коопсуздук курун тагынышыбыз керек, руханий өсүүбүз үчүн, Кудайдын Сөзүн окууга убакыт бөлүшүбүз керек. Пабыл да, биз өзүбүздүн муктаждыктарыбызга кандай кам көрсөк, башкаларга да ошондой кылышыбыз керектигин айтып жатат. Башкача айтканда, биз үчүн бактылуу болуу, ден соолук жана руханий өсүү канчалык маанилүү болсо, башка адамдын да бактылуу болушу, ден соолугу жана руханий өсүүсү биз үчүн ошончолук маанилүү болгонун — чыныгы сүйүү деп айта алабыз. Люк башын чайкап: — Эгерде сенин айтканыӊ туура болсо, анда сүйүү — бул таптакыр эле сезим эмес экен, ал өзүӊө кандай мамиле жасап, кам көргөн сыяктуу, башка адамдарга до ошентүү экен да, — деди тереӊ ойлоно. Даг жооп катары башын ийкеди. — Трейси экөөӊөрдүн ортоӊордогу сезимдер сыяктуу, күчтүү сезимдерди көп учурда сүйүү деп аташат, анткени кинолордо жана ырларда сүйүү ушундай сүрөттөлөт. Албетте, сүйүү сезимдер менен да коштолот, бирок ал сезимдерсиз деле сүйүү бар боло алат, себеби сүйүү — бул активдүү иш-аракет, өзүӊө кандай кам көрсөӊ, башка адам үчүн да ошондой кам көрүү дегенди билдирет. Алар дагы жыйырма мүнөттөй сүйлөшүп отурушту, акырында Даг сыйынууга чакырды. Андан соӊ алар кош айтышты. Даг кийимин которуп алып, колуктусу Джинниге басмаканадагы иштер менен жардам берүүгө жөнөдү. Бул басмакананы алар чогуу иштетишчү. Люк болсо Трейси менен чогуу, анын унаасына аккумулятор сатып алууга убада берип койгон эле. Сыйынуунун алдында Даг Люкка экөө сүйлөшкөн нерселерди анын Трейси менен болгон мамилесинде колдонуп көрүүнү сунуштады. Муну жасоо Люк үчүн канчалык оор сыноо болору анын башына да келген эмес. ТРЕЙСИНИН ОКУЯСЫ Эрте менен үй-бүлөлүк дарыгер телефон чалгандан кийин, Трейси апасы экөө көз жаштарын токтото албай отурушту. Адатта, доктор Дункан өзүнүн бейтаптары менен ишемби күндөрү байланышчу эмес, бирок бүгүн, анын айтымында, өзгөчө абал эле. Трейси ага бир күн мурун, жума күнү, манжалары кээ бир күндөрү жансыз болуп, эч нерсе сезбей жатканын айтып, текшерилүү үчүн барган эле. Трейси өзү бул нерсеге анча деле көӊүл бура берчү эмес, ошондуктан апасы аны доктурга жөн гана көрсөтүп текшерүү үчүн, алдын-ала сүйлөшүп койгон эле. Доктор Дункан коюлган диагнозду билдирүү үчүн өзү телефон чалуу керек деп чечим чыгаргандыктан, ал аларга ишемби күнү эрте менен чалды. — Чачыранды склероз? — деп сурады Трейси апасынан, ал доктур менен сүйлөшүп жаткан кезде. — Мен бул жөнүндө бир нерсе уккандай болуп жатам… Бул эмне өзү? Джеки Лохкарт ыйлап жибербегенге аракет жасап жатты. — Кызым, бул борбордук нерв системасынын ооруусу. Ал баш мээни жана жүлүн мээни талкалайт. Бул оорунун себебин да, аны кантип айыктыруу керектигин да эч ким билбейт. Оорунун жайгашкан жерине жараша, ал акырындык менен… майыптыкка алып келет, — деди да, Джеки ыйлап жиберди. — Майыптык? Кандайча майыптык?! — коркунуч менен Трейси апасынан сурады. — Апа, бул өзү деги эмне?! Мени менен эми эмне болот?! Трейсиге бардыгын түшүндүрүп берүү үчүн бир нече мүнөт керек болду, анан энеси менен кызы чогуу ыйлашты. Джеки оорунун симптомдору кандай жол менен пайда болсо, ошондой жол менен жок болуп кетеринен, болгондо да көпкө чейин кайтып келбесинен үмүттөнүп, кызын да, өзүн да сооротууга аракет кылып жатты. Бирок эгерде дарылануу табылбаса, же Теӊир бул абалга Өзүнүн керемети менен кийлигишпесе, анда акырындык менен Трейсинин колдору да, буттары да жана башка функциялары да иштебей калышы мүмкүн эле. Кызынын түз берген суроосуна жооп берип, Джеки бул оорунун аягы өлүм менен бүтөөрүн айтты. Көздөрүн кургатып, Трейси Люкту тосуп алуу үчүн сыртка чыкты. Анын жаӊы аккумулятор сатып алууга берген жардамы үчүн Трейси ага ыраазы болду. Ушул маалда Джеки өзүнүн мурунку күйөөсүнө кайгылуу кабарды айтып берүү үчүн, телефон чалып жаткан. Трейсинин атасы экинчи аялы менен башка штатта жашачу. Трейси эшиктин алдында отуруп алып, бул кабарды Люк кандай кабыл алары жөнүндө ойлонуп, алыстагы боштукту тиктеп жатты. Ал эч качан ага өзүнүн манжаларынын жансыз болуп жаткандыгы жөнүндө айткан эмес эле. Анткени, биринчиден, бул ага жөн гана ыӊгайсыздык жаратып турган жана бул жөнүндө ал көп деле тынсызданчу эмес, себеби муну анчалык деле чоӊ көйгөй деп эсептечү эмес. А экинчиден, Люк ушунчалык сонун жигит болгондуктан, Трейси ага жагуу үчүн бардыгына барууга даяр эле. Ошондуктан ага өзүнүн «кемчиликтери» жөнүндө айтуу анын оюна да келген эмес. Бирок азыр ал муну кылышы керек. Эгерде ал өзү Люкка айтып бербесе, эртеби-кечпи кимдир бирөөдөн угат, ошондо бардыгы мындан да жаман болушу мүмкүн. Бул оору Люкту андан алыстатышынан Трейси коркуп турса да, эгерде ал аны сүйсө — мындан ал шектенчү эмес — анда ага бардыгын өзү айтып бериши керектигин сезип турду. Ошентип, ал Люкту күтүп жатканда: «Люк менин азыркы абалыма карабастан, мени менен чогуу кала тургандай мени сүйөбү?» деген суроо аны кыйнап жатты. Бирок бул суроонун артынан: «Деги эле, ал мени чындап эле сүйөбү?» деген дагы башка суроо келгенде, Трейси ал жөнүндө ойлонгусу да келген жок. Люктун унаасы жолдун жээгине токтогон кезде, Трейси отурган жеринен туруп, унааны көздөй чуркады. Анын көздөрү кызарып калганын Люк дароо байкады. — Трейси, сен эмне, ыйладыӊбы? — деп сурады ал тынчсыздана. — Эмне болду? Көз жашын токтото албай, Трейси ага болгон жаӊылыгын айтып берди. Люктун алдында ыйлап жатканы үчүн, ал өзүн аябай ыӊгайсыз сезип жатты, бирок өзүн эч токтото алган жок. Кандай болсо да, эми мунун эч кандай мааниси жок. Күндөрдүн биринде ал таптакыр эле майып болуп калуусу менен салыштырганда, ыйлап жатканда ал таптакыр сулуу эмес жана жагымсыз болуп көрүнөөрү анчалык деле маанилүү эмес эле. Люктун бул кабарды кабыл алганы Трейси күткөндөй болгон жок. Эгерде Люк пес оорудан качкандай, андан артка кетенчиктеп: «Андай болсо, макул. Сага ийгилик каалайм» — деп, аны жолдун боюнда жалгыз таштап кете берсе да, Трейси буга таӊ калмак эмес. Анткени Люкка окшогон жигиттер дени сак кыздардын көбүн таап алат эмеспи. Бирок мындай кылуунун ордуна, Люк анын колун назик кармап, ал өзүнүн оорусу жөнүндө айтып берип жатканда, ар бир сөзүн кунт коюп угуп отурду. Акырында Люк ага кандай жардам бере аларын сурап, анын жанында дайыма болорун убада кылып, Трейсини тынчтандырды. Алар унаа дүкөнүнө келген кезде Люк Трейсинин унаадан чыгуусуна жардам берди. Алар аккумулятор сатып алышты, андан соӊ Люк аны Трейсинин унаасына орнотуп берди. Ошентип, ишин бүткөндөн кийин, Люк Трейсини назик өптү да, кетти. Бир аздан кийин гана Трейси: «бул жолугушуу акыркы жолугушуу эмеспи», — деп ойлоно баштады. Анын назик кыймылы, боорукердиги, мээримдүүлүгү жана көӊүл буруусу жөн гана анткорлонуу эмеспи? Балким, ошол учурда ал андан кантип кутулуу жөнүндө ойлогонбу? А балким, ал чынчыл мамиле жасап жаткандыр жана чыныгы сүйүү эмне экендигинен да көптү билгендиктен, акыркы эки айдын ичинде ал ошол сүйүүнү көрсөтүп жаткандыр? Ой жүгүртүү убактысы Люк жакын досу Даг Шоу менен сүйлөшүп алгандыктан, ал Трейсинин суук кабарын угууга даяр боло алган. Ошол учурда алар экөө теӊ эч нерсени билген эмес болчу. Бирок Люк Трейсинин үйүнө жакын келгенде оор сыноону башынан өткөрүшү керек болду. Даг жөнөкөй сунуш берген: эгерде сен Трейсини ушунчалык жактырып калган болсоӊ, анда силердин ортоӊордогу мамиледе көӊүлүӊөрдү Кудайдын көз карашындагы сүйүүгө бурсаӊар кандай болот? Кудай сүйүүгө кандай аныктама берет? «Сүйөм… чекит» — мына ушул Ыйык Жазууда берилген чыныгы сүйүүнүн жалгыз аныктамасы. Кудай Өзү да бизге карата ушундай сүйүүнү көрсөтөт: эч кандай шарт койбостон, «эгерде» же «анткени» деген сөздөрдү айтпастан бизди сүйүп жатат. Ыйык Жазуу мындай дейт: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди» (Жкн. 3:16); «Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди» (1 Жкн.4:10); «Машаяк болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди» (Рим. 5:8). Кудай бизди эч кандай шарт койбостон, биздин күнөөлөрүбүзгө жана алсыздыктарыбызга карабастан сүйөт. Даг Люкка окуп берген Ыйык Жазуудагы аяттарга таянсак, анда өзүбүздүкү сыяктуу эле, башка адамдын бакыты, ден соолугу менен руханий өсүүсү биз үчүн маанилүү болуп, чыныгы жана эч кандай шарттар менен чектелбеген сүйүү чыгат. Элчи Пабылдын Эфестиктерге жазган катында ал мындай деген: «Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машаяк Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат» (Эф. 5:29). Өзүбүздүн денебизди азыктандыруу менен жылытууда эч кандай өзүмчүлдүк жок: анткени бул акыл-эстүүлүк жана кадимки эле өзүбүз үчүн кам көрүүнүн белгиси. Чыныгы сүйүү да, биз өзүбүздү жылытып, азыктандырган сыяктуу эле, башка адамды жылытып, азыктандыруу менен кам көрүүдө көрүнөт. «Азыктандыруу» — бул өсүүгө жана эр жетүүгө көмөктөшүү дегенди билдирет. Мисалы, гүлдү же өсүмдүктү «азыктандыруу» менен, ал өсүп, сизге жемиш алып келиши үчүн, ага жетишээрлик күндүн нурун, сууну жана жер семирткичтерди бересиз. Так ушундай эле, кимдир бирөөнү «азыктандыруу» — бул анын өсүп жетилүүсүнө көмөктөшүп, анын муктаждыктары үчүн да өзүӊдүн муктаждыктарыӊдай эле кам көрүү. «Жылытуу» [1] — бул зыян келтирчү нерселердин бардыгынан коргоо дегенди билдирет. Балапандарын сууктан жана коркунучтардан коргоо үчүн, аларды канатынан астына калкалап жаткан чымчыкты элестетип көрүӊүз. Өзүӊүздүн досуӊузду «жылытуу» — бул зыяндуу нерселерден коргонуу үчүн өзүӊүзгө кандай кам көрсөӊүз, аны да ар кандай коркунучтардан коргоо үчүн ошондой кам көрүү дегенди билдирет. Чыныгы сүйүүнү башка сүйүүлөрдөн айырмалап турган, жөнөкөй сөз менен айтылган бир аныктамасы мындайча: сүйүү — бул башка адамды коргоо жана ага жакшылык кылуу. Так ушундай сүйүү Ыйык Жазууда жазылган Кудайдын сүйүүсүн чагылдырып турат. Жана мунун эӊ улуу үлгүсү — бул Ыйса Машаяктын Өзүнүн Жыйынына карата болгон сүйүүсү. Ал аны коргойт жана ага жакшылык гана кылат. Эгерде сиз кимдир бирөөнү жактырып, аны менен жолугушуп жүргөн болсоӊуз, анда чыныгы сүйүү кандайча көрүнөт? Сиз өзүӊүздүн шеригиӊизге жакшылык кылып, аны коргойсуз. Мисалы, сиз унааны башкарып бара жатканда, сиз аны абайлап айдайсыз, анткени жаныӊыздагы адамды кырсыктан сактоону каалайсыз. Сиз аны менен шектүү иштерди эмес, пайдалуу жана жакшы иштерди жасайсыз. Албетте, секс тууралуу суроо коюлган кезде, аны басмырлап мажбурлабайсыз, тескерисинче, анын абийирине зыян келтирбегидей мамиле кыласыз. Сиз көрүп тургандай эле, чыныгы сүйүү — бул жөн эле жактырып калуу же сизге жаккан адамга жылуу сезимдерди сезүүдөн да чоӊ нерсе. Чыныгы сүйүү — бул чечим, иш-аракет жана башка адамдын муктаждыктарына жооп берүү. Коргоо жана жакшылык кылуу — бул өз эрки менен жасалган иш-аракет, ал биздин сезимдерибизге көз каранды эмес. Так ушундай сүйүү менен биз бардык адамдарды сүйүшүбүз керек: үй-бүлөбүздү, досторубузду, классташтарыбызды, кошуналарыбызды жана керек болсо, бейтааныш адамдарды да. Биз башка адамдын бактылуу болуусуна, анын дени сак болуусуна жана руханий өсүүсүнө дайыма умтулушубуз керек. Муну биз өзүбүздүн жакындарыбыздан баштап — үй-бүлөбүздөн жана досторубуздан баштап — биз билбеген адамдарга чейин жетүүгө аракет жасашыбыз керек. Бул адамдар башка өлкөдө жашашы мүмкүн, биз аларга жардам катары, кайрымдуулук кылып, курмандыктарды берүү менен сүйүүбүздү көрсөтө алабыз. Эгерде сиздин жактырган курбуӊуз же жигитиӊиз болсо, ал сиздин жакын адамдарыӊыздын арасына кирет. Ошондой эле сиз кимдир бирөөгө жакшылык жасап, аны коргоону каалап жатсаӊыз, анда сизге жаккан адамдан баштап көрүӊүз. Балким, сиздердин мамилеӊиздер жөнөкөй эле кызыгуудан, романтикалык жактыруудан же балким жыныстык жакындашуудан башталгандыр. Ошондой эле, сиздердин мамилеӊиздерди «сүйөм… эгер» же «сүйөм … анткени» деген сүйүү башкарып жатышы да толук мүмкүн. Шарттуу сүйүү башка адамдын жакшылыгын эч качан ойлобойт жана аны коргобойт. Эгерде сиздердин мамилеӊиздер Кудайдын каалоосу боюнча өөрчүшүн кааласаӊыз, анда «сүйөм… чекит» деген Кудайдын аныктамасындагы сүйүүнү өзүӊүздүн максатыӊыз катары коюп алыӊыз. Бул эч кандай шарттар менен чектелбеген сүйүү, ал башка адамга жакшылык жасайт жана анын коопсуздугун гана көздөйт. Өзүӊүздүн бакытыӊыз, ден соолугуӊуз жана руханий өсүүӊүз канчалык маанилүү болсо, жактырган курбуӊуздун же жигитиӊиздин да бакыты, ден соолугу жана руханий өсүүсү сиз үчүн ошончолук маанилүү болсун. Ошондо сиз жактырган адамдын бакубатчылыгы жана коопсуздугу сиздин жүрөгүӊүздү каалоосу экенин билгенде, чыныгы сүйүү эмне экендигин билесиз. Трейсинин оорусу жөнүндөгү суук кабар Люкту алардын ортосундагы мамилеге башка көздөр менен караганга жана кээ бир нерселерге башкача мамиле кылууга мажбур кылды. Алардын жолугушуусунан бери бир нече саат өткөндөн кийин, шектенүүлөрдөн жана чечилбеген суроолордон кыйналып кеткен Люк өзүнүн руханий насаатчысы менен сүйлөшүүнү чечти. [1] «Жылытуу» — Автор англис тилиндеги Ыйык Жазуунун New American Standard Bible котормосун колдонгон, анда cherish­деген сөз колдонулган, мунун мааниси «кам көрүү, эркелетүү» дегенди билдирет — Автордун белгиси. ЛЮКТУН ОКУЯСЫ Люк унаасын басмакананын жанында токтотуп, кечки алтыга чейин күтүп отурду. Анан Джинни эшикти бекитип жана андагы илинип турган «Ачык» деген жазуусу бар тактайчаны тескери бетинен оодарып коюу үчүн эшикке чыкканда, Люк дароо аны көздөй жөнөдү. Анын жүзүндө тынчсыздануу көрүнүп турган эле. — Салам, Люк, — деп учурашты Джинни. — Бир нерсе болдубу? — Мен сен жана Даг менен бир аз сүйлөшөйүн дедим эле, — деди Люк — Албетте, Люк, ичкери кир, — деди Джинни анын артынан эшикти жаап, анан ал Люкту Даг отурган кеӊсеге киргизди. Ошол маалда Даг компьютерин өчүрүп жаткан экен. Люк аларга Трейсинин оорусу жөнүндө айтып бергенде, Даг да, Джинни да шок болушту: бир аздан кийин алар Трейсиге барып, анын ал-акыбалын биле кетүүнү чечишти. — Сен экөөбүз бүгүн эрте менен сүйлөшкөндөн кийин, мен сүйүү эмне экендигин жакшыраак түшүнүп калдым, — деп сөзүн улантып жатты Люк. — Ошондуктан мен Трейси экөөбүздүн ортобуздагы мамиледе ушул сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүүгө аракет кылууну чечкен болчумун. Бирок мен мындай болот деп эч күткөн эмесмин! Менин айтым келгени, Трейси — сонун кыз, бирок акырындык менен анын оорусунун айынан көп нерселер өзгөрөт да. Менимче, ал лыжа да, велосипед да тебе албай калат жана сууга да сүзө албайт. Анан эгерде биз баш кошо турган болсок, — мен сөзсүз баш кошобуз деп айткан жокмун, бирок да — бизде жыныстык жакындашуу болобу жана биз балалуу боло алабызбы? Чыныгы сүйүү — бул «сүйөм… чекит» экендигин жакшы түшүнүп турам, бирок мен үчүн азыр чекиттин ордунда чоӊ суроо белгиси турат! Даг менен Джинни жаш досунун далысына колдорун коюшту. — Люк, бүгүнкү күн сен үчүн оор күн болду, — деди Джинни. — Ушундай абал болгону үчүн биз абдан өкүнүп жатабыз. Биз сен үчүн жана албетте, Трейси үчүн да сыйынып турабыз. — Рахмат. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Андан соӊ Даг: — Келечекти бир гана Кудай билет, Люк. Силер, Трейси экөөӊөр, күйөөсү жана аялы катары өмүр бою бир болоруӊарды же болбой турганыӊарды да Ал билет. Ошондуктан мунун бардыгын Кудайга тапшыр, келечекте боло турган нерселер Анын колунда. Эми мага айтчы, сен азыр Трейсини жактырып жатасыӊбы? Денелик жактан эмес? Люк жооп берердин алдында бир саамга ойлоно түштү. Анан ал: — Албетте, Трейси сонун. Ал акылдуу, сулуу, экөөбүздүн ортобузда ушунчалык көп окшоштуктарыбыз бар. Чынында эле, башында мага анын келбеттүүлүгү жана сулуулугу жаккан болчу. Бирок анда, сулуулуктан да сырткары, көп жакшы сапаттары бар, — деп жооп берди. — Трейси сен үчүн кымбат адам экен да, — деди Джинни. Люк башы ийкеп: — Ооба, так ошондой, — деди. — Андай болсо, анын бакыты, ден соолугу жана руханий өсүүсү сен үчүн, өзүӊдүкү сыяктуу эле, маанилүү болсо, сен эч нерсе жогопойсуӊ. Азыр экөөӊөрдүн ортоӊордо мамиледе эӊ маанилүүсү — сен аны, Ыйык Жазуу кандай үйрөтсө, ошондой сүйүшүӊ керек. Анан Теӊир караштырып, силер баш кошуп кала турган болсоӊор, анда силердин ортоӊордо жасалма сүйүү эмес, чыныгы сүйүү негиз алат. Люк бир аз ойлонуп турду да: — Макул, бирок мен азыр эмне кылышым керек? Трейси бүгүн өзүнүн оорусу жөнүндө билип, кыйналып турган кезде, мен ага өзүмдүн сүйүүмдү иш жүзүндө кантип көрсөтө алам, мага кеӊеш бере аласыӊарбы? — деп сурады. Бир нече мүнөт Даг менен Джинни ага өздөрүнүн кеӊештерин берип жатышты. Анан үчөө теӊ кетүүгө камынып, отурган жеринен турушканда, Люк аларды кучактап, ыраазычылыгын айтты. Ал Трейсиге кыска убакытка кире кетерин айтканда, Даг менен Джинни да, кеӊсесин жаап коюп, ага кошулуп барарын убада кылышты. Жолду катар Люк Трейси үчүн открытка сатып алды. Ал ага жага турган түрүн тандап алды — сентименталдуу-романтикалуу эмес, анын ордуна жөнөкөй, жакшынакай гүлдөр тартылган жана ички бетинин ортосунда каалоо жазып коюуга оруну бар болгон открытка эле. Открытканын ичине ал бир нече гана сөздөрдү жазды, себеби келечекте: «Трейси, сен сонунсуӊ! Бул сыноону көтөрүүгө сенин күчүӊ жетерине ишенем. Мен сенин жаныӊда болуп, сага жардам берем» деген сөздөр жазылган открыткалар менен каттар көп болорун Люк билип турду. Андан соӊ, колундагы калемин ары-бери кыймылдатты да, ал үчүн эӊ маанилүү сөздөргө айланган: «Сүйүүм менен, Люк» деген акыркы сөздөрүн жазды. Ой жүгүртүү убактысы Жаш адамдардын ортосундагы мамиледе чыныгы сүйүү кандайча көрүнөт? Ал көбүрөөк убакыт жана жактырууну талап кылса, анын ичинде башка учурлардагыдай эле эӊ маанилүү элементтер камтылат. Төмөндө бир нече мисалдар берилген: Чыныгы сүйүү тынчтандырууга, кубаттандырууга жана колдоо көрсөтүүгө умтулат. Люк чыныгы сүйүүнү иш жүзүндө кантип көрсөтө алам деп сураганда, мына ушундай кылууну Даг менен Джинни ага биринчи болуп кеӊеш беришти. Ар бирибиз өзгөчө кыйын жана көӊүл калуу учурларында сооротууга, колдоого жана кубаттандырууга муктажбыз. Сооротуу — бул жөн гана «Өзүӊдү бекем карма!», «Бекем жана кайратуу бол!», «Жеӊилбе!» деген сыяктуу жеӊил маектешүү эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдардын жашоосунда кыйынчылыктар болорун, же алар кырсыктарга туш болушаарын түшүндүрүү үчүн жасалган аракет эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып турат жана бардыгы жакшы болот деген туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы жакшы жана өз мезгилинде пайдалуу боло алат. Бирок мындай сөздөр адамдын сооронучка болгон муктаждыгын толтура албайт. Кайгырып жаткан адамдар өздөрүнүн кайгысында жалгыз эмес экендигин билгенде жана биз алардын кайгысы менен арманын чогуу бөлүшкөн кезде, аларды соорото алабыз. Элчи Пабыл да: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) деп үйрөткөн. Джинни Люкка, Трейси менен анын апасын акырын гана кучактап, анын далысына баштарын коюп ыйлап алуусуна жол берүү менен сооротууну кеӊеш кылган. Эгерде сиздин досуӊуз да кандайдыр бир себептер менен кыйналып жатса, анда сиз ага: «Сага канчалык оор болуп жатканын билем», «Сен ушунун барынан өтүп жатканыӊ үчүн өкүнүп турам», «Мен сага көӊүл айтам» деп айтсаӊыз болот. Сиз досуӊуздун кайгысын теӊ бөлүшүп жатканыӊызды көрсөтпөй туруп, ага эч кандай кеӊештерди бербеӊиз жана Ыйык Жазуудагы аяттардан да айтпаӊыз. Ыйык Жазуудагы көрсөтүлгөн сооротуу так ушундай. Чыныгы сүйүү деген досуна иш жүзүндө колдоо көрсөтүп, Пабылдын: «Бири бириӊердин кыйынчылыктарыӊарды көтөргүлө, ошентип Машаяктын мыйзамын аткарасыӊар» (Гал. 6:2) деген чакырыгын аткарып, досуӊуздун жүгүн жеӊилдетүүнү билдирет. Люк мындан ары, Трейси менен анын апасынын жүгүн жеӊилдетүү менен, аларга жардам берүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү көрө алат. Сизге кымбат болгон адамга чындыгында эле иш жүзүндө кызмат кылууӊуз аркылуу, ага Ыйык Жазууга негизделген чыныгы сүйүүнү көрсөткөн болосуз. Ар бирибиз кубаттоону жана мактоо сөздөрүн угууну калайбыз, ошондуктан чыныгы сүйүү ушул муктаждыктарды толтурууга умтулат. Биз досторубуздун көӊүлүн көтөрө турган сөздөрдү айтканда, аларды кубаттайбыз. Люк Трейсиге сатып алган открыткасындагы жылуу сөздөр да кубаттоо көрсөтүүнүн бир ыкмасы. Сиз башкаларды ар кандай жолдор менен: открыткалар, каттар жана телефон чалуулар менен кубаттай аласыз. Сиз көӊүлүӊүздүн баарын досуӊузга жана анын азыркы учурда башынан өтүп жаткан көйгөйүнө бурганыӊызда, кубаттоо өз максатына жетет. Чыныгы сүйүү башка адамдын ишеничин өз кызыкчылыгы үчүн эч качан пайдаланбайт. Башка адамды өзүӊүздүн эмоционалдык, денелик же сексуалдык муктаждыктарыӊызды кандыруу үчүн колдонуу — бул чыныгы сүйүүнүн принциптерин оройлук менен бузуу, ал эми бул принциптер: жакшылык кылуу жана коргоо. Өзүбүздүн гана ырахатыбызды көздөө эч качан бакытка, ден соолукка жана руханий өсүүгө жеткирбейт. Чыныгы сүйүү эч качан башка адамды жыныстык жакындашууга мажбурлабайт. Кадимки эле жолугушуулар жөнүндө кеп кылганда, азыркы маданият өспүрүмдөргө жыныстык катнашты нормалдуу нерсе катары көрсөтүп, аларга өтө күчтүү басымдуулук көрсөтөт. Кинолор, музыка, массалык маалымат каражаттары никеден тышкаркы жыныстык жакындашууну көнүмүш жана кадимки мамиле катары тартуулап жатат. Бирок Кудайдын каалоосуна ылайык келбеген секс эмоционалдык жана руханий жактан тереӊ жарааттарды калтырат. Чыныгы сүйүү — сүйгөн адамын күнөөлүү сезимден, жараат алуусунан коргойт жана никеге чейинки жыныстык катнашка «жок» деп айтат. Чыныгы сүйүү эч качан мамиледеги «артыкчылыктарга» басым койбойт. Кээ бир өспүрүмдөр досуна же курбусуна өздөрүнүн жеке буюму катары мамиле жасашып, алардын бардык убактысын жана көӊүлүн өздөрүнө гана буруусун талап кылышат. Мындай мамиле башка адамга жакшылык кылуунун жана аны коргоонун ордуна, алардын ден соолугуна, бакытына жана руханий өсүүсүнө тоскоолдук кылат. Ал эми чыныгы сүйүү — башкалар менен сүйүүгө толгон мамилени бекемдейт. Чыныгы сүйүү башка адамдын бакытына, ден соолугуна жана руханий өсүүсүнө зыян келтире турган эч нерсе жасабайт. Сиз чыныгы сүйүүнү тапканыӊызды кантип биле аласыз? Эгерде башка адамдын бакыты, ден соолугу жана руханий өсүүсү сиз үчүн, өзүӊүздүкү сыяктуу эле, маанилүү болуп жатканын билгениӊизде, бул чыныгы сүйүү экендигин билесиз. Башка адамга жакшылык кылуу жана аны коргоо — чыныгы сүйүүнүн өзү. Төмөндө берилген принциптер ушул сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүүдө сизге жардам берет: Ыйса Машаякты силердин мамилеӊердин борбору кылгыла. Бири-бириӊер менен чынчыл жана ачык болгула. Бири-бириӊерди бардык кемчиликтер жана катачылыктарыӊар менен толук кабыл алгыла. Силердин мамилеӊерди ата-энеӊер да колдой тургандай мамиле кылууга умтулгула. Жыныстык жакындашууга байланыштуу суроолорду пайда кыла турган азгырыктардан жана компромисске баруудан качкыла. Эгерде түшүнбөстүктөр пайда болсо, аларды тез арада жана сүйүү менен чечкиле. Силердин достук мамилеӊерге тереӊ басым койгула. Люк менен Трейсинин мамилеси алардын баш кошуусуна алып келери жөнүндө сөз кылуу али эрте. Буга жакынкы бир нече айдын ичинде боло турган факторлор, өзгөчө Теӊир аларды кайда жетелейт жана алардын окуусуна же карьерасына караштуу тандоолору кандай болорунун бардыгы таасирин тийгизет. Бирок Люк азыр эле өзүнүн Трейси менен болгон мамилесинин сапаттуу жаӊы этабына көтөрүлдү. Ал Дагдын Трейси менен чогуу болгон кезде, ага жакшылык кылып, аны коргошу керек деген кеӊешине кулак салууну чечти. Бул алардын экөөнө бирдей утуш алып келе турган абал эле. Ал эми акырында алар баш кошууну чечишсе, анда бири-биринин жакшылыгын жана коопсуздугун көздөп, Кудайдын сүйүүсү менен бири-бирин сүйүп, үй-бүлөлүк жашоону бекем негиздин үстүнө кура алышат. А эгерде алардын жолдору эки башка бөлүнүп кетсе, алар эч кандай өкүнүчсүз жана айыптоосуз кош айтыша алышат, анткени алардын мамилеси бири-биринин бакытын, ден соолугун жана руханий өсүүсүн көздөгөн мамиле болот. Балким, сиз да, курбуӊуз же досуӊуз да, келечек тууралуу бир чечимге келе элек чыгарсыздар. Бирок эгерде сиздер бири-бириӊиздерди чыныгы сүйүү менен сүйүп, жакшылык жасап жана бири-бириӊиздерди коргоого умтулсаӊыздар, анда сиздердин мамилеӊиздердин келечеги абдан кооз жана сулуу болору шексиз. АВТОРЛОР ЖӨНҮНДӨ ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматтын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатындагы Даллас шаарында жашашат. ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажрыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.